Кыргызстан криптовалюта боюнча өзүнүн мыйзамын кабыл алууга даярданууда

Кийинки жумада криптовалюта боюнча мыйзам долбоору министрлер кабинетине сунушталат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк криптовалюта боюнча мыйзам даярдаган.

«Алгач, сатуу-сатып алуу маселесин жөнгө салуу менен элди алдамчылардан сактоо максатында гана алектенүүнү пландаштырганбыз. Мыйзам иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Бирок көптөгөн сунуштар болду. Бүгүнкү күндө баштапкы криптовалюта мыйзамынан эч нерсе калган жок. Ал жакка ишкерлерден жана калктан көптөгөн сунуштар кошулган. Эми бул жөн гана сатып алуу-сатуу эмес, төлөм каражаты, актив катары жүрөт. Анда токендер жазылган. Министрлер кабинети бул мыйзам долбоорун карап чыккандан кийин, ал Жогорку Кеңешке сунушталат. Санарип сом жөнүндө айта турган болсок, Улуттук банк коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын изилдеп жатат. Биз кесиптештерибизден артта калбоо үчүн иштеп жатабыз», — деди ал.