Кыргызстан-Малайзия беттешинде 2 миң 600дөн милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаарындагы стадиондо Дүйнөлүк чемпионатынын 2026-жылга тандоо боюнча таймашынын 5-туру өтөт. Анда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого Бишкек гарнизонунун 2 миң 600дөн ашуун кызматкери тартылат.
Оюн башталаардан бир нече саат мурун Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын кызматкерлери, борборубуздун айрым көчөлөрүн өзгөчө көзөмөлгө алат. Оюн алдында кинологиялык топтор стадионду жана анын тегерегиндеги аймактарды жардыруучу жана шектүү буюмдарды аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүшөт.

Милиция күйөрмандардан коомдук тартипти жана эрежелерди сактоого чакырат, ошону менен бирге, оюн өткөрүлүүчү жайга тыюу салынган буюмдарды алып кирбөөгө суранат. Оюнга 15000 ашык күйөрмандардын келүүсү күтүлүүдө.