Кыргызстан медаль алган мамлекеттердин ичинен 70-орунга жайгашты

Кечээ, 8-августта жайкы Олимпиада оюндары соңуна чыкты. Кыргызстан медаль уткан мамлекеттердин ичинен 70-орунга жайгашты. Олимпиада оюндары 21-июлда башталган. Жалпысынан 339 комлект медаль ойнотулду.

Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу катышты. Алардын ичинен 3 спортчу 2 күмүш, 1 коло медаль утту. Анын жыйынтыгында Кыргызстан 206 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты. Олимпиадада жалпысынан 93 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлешти.