Кыргызстан менен «Центерра Голддун» экинчи сүйлөшүүсү болуп өттү

DCIM100MEDIADJI_0004.JPG

Кечээ, 23-декабрда Бишкекте «Кумтөр» алтын кени боюнча экинчи сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан билдиришти.

Жолугушуу жабык видео байланыш форматында өткөн. Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышкан. Канадалык тараптан “Центерра Голддун” президенти жана башкы директору Скотт Перри катышты. 

«Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Диалогдун жыйынтыгында анын катышуучулары талкууну бүгүн, 24-декабрда улантууну чечишти», — деп билдиришти компаниядан.