Кыргызстан менен Хорватиянын ТИМ башчылары жолукту

Бүгүн, 12-декабрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөгө расмий сапар менен келген Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Хорватиянын ортосундагы учурдагы мамилелердин абалын жана мындан аркы өнүктүрүү перспективаларын карап чыгышты. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө, анын ичинде экономикалык жана инвестициялык макулдашууларды түзүүгө жана бизнес-форумдарды өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Кыргызстан менен Хорватиянын миграция, туризм жана энергетика, анын ичинде жаңылануучу энергия булактары жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле эки өлкөнүн министрлери Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташууну улантууга, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерликтерин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, министрлер эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулап, глобалдык жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча өз ара иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Хорватия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин ортосунда кызматташтык жана консультациялар боюнча протоколго кол коюлду.