Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан менен Катардын курамаларынын беттеши башталды.
Беттешти көрүүгө өлкө башчысы Садыр Жапаров келди. Оюнга күбө болуу үчүн Бишкекке Катар футбол ассоциациясынын президенти Жассим Аль Буанинин жетекчилиги алдындагы Катар ассоциациясынын делегациясы да келген.