Кыргызстан менен Орусия гидрометерология жаатында кызматташат

Бүгүн, 5-июнда Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Орусиянын Мамлекеттик гидрометеорологиялык университетинин ректору Валерий Михеев менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Экологиялык күн тартибинин алкагында тийиштүү маалыматтар берилип, окуу процессин уюштуруу, эл аралык ишмердүүлүк жана чет мамлекеттер менен байланыш боюнча университеттин иши баса белгиленди.

«Сүйлөшүүлөрдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине каршы күрөшүү, атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу жана энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Билим берүү мекемесинин кадрларды даярдоо, анын ичинде Орусиядагы Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун Аймактык окуу борборунун базасында биргелешип иштөөгө даярдыгы баса белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Орусиянын Мамлекеттик гидрометеорология университети 1930-жылы бул профилдеги дүйнөдөгү биринчи билим берүү мекемеси катары негизделген. Түзүлгөндөн бери университет 60 миңге жакын жогорку кесипкөй метеорологдорду даярдаган.