Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта жер титиреди

Бүгүн, 13-май саат 12:44тө Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.