Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган аткезчилик туннели табылды (видео)

Жер астындагы туннель табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

4-июнда УКМК, Чек ара кызматынын башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен ошондой эле Өзбекстандын өнөктөш кызматтары менен биргеликте Кара-Суу шаарында жайгашкан чарбалык турак жайдын бетон тротуарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын жер астындагы өтмөк менен байланыштырган туннель табылган.

Туннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, туннелге кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 сантиметр, кире бериштен чыгуусуна 155 метрге жакын экени аныкталды. Учурда бул туннелди пайдалануу менен мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.