Кыргызстан менен Өзбекстандын футболдук беттешти. Кайсы көчөлөр унаалар үчүн жабык болот?

Бүгүн, 10-сентябрь Кыргызстан менен Өзбекстандын курамасынын ортосунда футболдук беттеш болот. Буга байланыштуу жолдор жабылат.

Саат 18:00дөн баштап футбол оюну бүткөнгө чейинки убакытка Фрунзе көчөсү, Манас простпектисинен баштап Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу жабык болот.