Кыргызстан менен Өзбекстандын транспорт министрлери “Достук” бекетинде жолугушат

Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева бүгүн иш сапары менен Ош облусуна барат. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапарында жетишилген келишимдердин алкагында кыргыз министри чек аранын Өзбекстан менен чектешкен жериндеги “Достук” көзөмөл бекетинде Өзбекстандын транспорт министи Илхом Макхамов менен жолугат.

Андан ары делегациялар Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолуна көзөмөл жүргүзүшүп, иликтешет. Ошондой эле, Эркечтам көзөмөлдөө бекетинин иши, Каргар – Эркечтам – Ош – Андижан – Ташкент мультимадалдык транспорттук коридорун өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, Чыйырдык, Талдык, Тоңмурун ашууларына жана Сары-Таш бекетине барышат. Мындын тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча кызматташтыктын келечеги талкууланат”, — деп айтылат билдирүүдө.