Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча кезектеги протоколго кол коюшту

Талаптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, ушул жылдын 12-17-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуу жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлган. Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.