Душанбедеги «Түбөлүк достук” концертинде Кыргызстан менен Тажикстандын маданият министрлери бийлеген видео тарады.
Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев менен Тажикстандын маданият министри Матлубохон Аманзода Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Мөлмөлүмгө” бийлешкен.
Концерт Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду.