Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чек арадагы окуяны талкуулашты

Бүгүн, 24-июлда Баткен районундагы Тумба аймагында Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Кум-Мазар жана Тажикстандын Сомоньен (Дахма) аймактарында кандайдыр бир жумуштарды жүргүзүүгө жол берилбестиги жөнүндө макулдашууга жетишилди»,- деп айтылат маалыматта. 

Мындай окуялардын кайталанбашын алдын алуу максатында, тараптардын чек ара тозоттору биргелешкен чек арада жүрүм-турум тилкесин так сакташы керек деген чечим кабыл алынды. Ошондой эле, отряддар бул аймакты биргеликте кайтарып турушат. Жолугушууга район башчылары жана облустардын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы катышкандыгы белгиленди.

Эске салсак, бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы Кум-Мазар аймагында эки өлкө жарандарынын ортосунда кайым-айтышуу ок атууга чейин жеткен. Буга Тажик тараптын чек арага жакын аймакта тазалоо иштерин жүргүзүүсү себеп болгону айтылды.