Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы аба каттамдары 28-апрелден тарта жанданат

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын «T’Way» авиакомпаниясынын президенти башында турган делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Бул жолугушууда тараптар Бишкек-Инчхон-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Элчи Түштүк Кореянын авиакомпаниясына пандемия учурунда эки өлкөнүн жарандарын ташууга жана гуманитардык жардамды жеткирүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн жарандары түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экенин жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жабылганына байланыштуу, анын ичинде Кыргызстандын пландуу каттамдары кийинкиге жылдырылганын билдирди. Учурда 29 учактын ичинен 7 гана учак ар кайсы багытта учарын билдирди. Ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында алыска учуу үчүн жаңы учактарды алуу пландалууда, алар авиациялык коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүшү керек жана президенттин пикиринде, 2023-жылы Кыргызстанга үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу пландалууда.

«T’Way» авиакомпаниясынын президенти авиакомпания туруктуу каттамдарга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар жана кийинки чартердик рейс 28-апрелге пландаштырылганын билдирди. Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине түрткү болорун белгилешти.