Кыргызстан-Оман беттешинде футболчулар майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгышкан (сүрөт)

Кыргызстан-Оман беттешинин алдында оюнчулар балдардын, анын ичинде майыптыгы бар балдардын коштоосунда оюн талаасына чыгышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Бул акция БУУнун Балдар фонду менен биргеликте өткөрүлүп, 20-ноябрда белгиленген балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналды.