Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизди

Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул Ооганстандагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандын аймагына каалабаган адамдардын кирүүсүнө, ошондой эле баш калкалоо издегендердин массалык түрдө киришине жол бербөө максатында жасалган. Ошол эле учурда, чектөөлөр дипломатиялык жана кызматтык визаларды берүүдө колдонулбайт (дипломаттар жана расмий делегация мүчөлөрү үчүн).

«Учурда Ооганстандын жарандары — студенттер үчүн Кыргыз Республикасынын визасын берүү маселеси макулдашуу стадиясында турат», — деп кошумчалашты ТИМден.