Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 18-августта АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Колтерди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашкан.

Министр АКШга Казакстан менен биргеликте Ооганстандан 15 кыргыз жаранын үчүнчү өлкөгө чыгарып кеткендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Сирия менен Ирактан Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жашы жете элек балдарды жана аялдарды биргелешип эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн издөө маанилүү экендигин белгиледи.

Казакбаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Ооганстандын көп улуттуу элине зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүү тапшырмасы тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, ооганстандык 500 студентке Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн виза берүү, ошондой эле Афганистанда абал турукташып, учактардын учуусу коопсуз болгондо керектүү азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жөнөтүлөрү айтылды.

АКШ тарап кыргыз тараптын ооган жарандарына студенттик виза берүү чечимин оң баалады жана АКШнын Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинде 150гө чейин афган студенттерин каржылоого даяр экенин билдирди.

Кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун башка артыкчылыктуу багыттары өзүнчө талкууланды.