Кыргызстан оор жүк ташуучу унааларды чыгара баштады

Кыргызстан оор жүк ташуучу унааларды чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу достор! Дагы бир жакшы кабар менен бөлүшө кетейин. ТНК «Шумкар» ААК Шахман (SHACMAN) сериясындагы оор жүк ташуучу унааналарды чыгарып баштады», — деп жазды президенттин маалымат катчысы.

Анын айтмында, унаалар сыноолордон ийгиликтүү өтүп жатат.