Кыргызстан Орусиядан 500 тонна өсүмдүк майы менен 3 миң тонна шекер сатып алат

Кыргызстан азык-түлүк базарындагы бааны турукташтыруу максатында Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын өз баасында сатып алып, апрель айында өлкөгө жеткиргени жатат. Бул тууралуу Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримов Сереп Медиа агенттигине билдирди.

Орусиядан 500 тонна өсүмдүк майы жана 3000 тонна кумшекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү. Апрель айында келип калат”, — деди ал.

Май жана кумшекер Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун кампасына келип түшөт.

Соңку бир жылда Кыргызстанда азык-түлүк эки эседен ашуун кымбаттады.

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга курган маегинде азык-түлүк баасын арзандатуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирген.