21-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти Орусиянын бир компоненттүү «Спутник Лайт» вакцинасын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бир компоненттүү «Спутник Лайт» вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөө алгандан кийин 28-күнүнөн тарта 79,4 пайызды түзөт. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болгон. Ал эми Орусиянын түз инфестициялар фондунун башчысы: «Бул вакцинаны Кыргызстанда каттоодон өткөрүү өлкөгө коронавируска каршы дагы бир эффективдүү жана коопсуз вакцина берет дегенди түшүндүрөт. Бир компоненттүү препарат калкты эмдөө убактысын кыскартып, калктын иммунитетин түзүүнү тездетет», — деген эле.