Кыргызстан ШКУга мүчө өлкөлөрдү коронавирус пандемиясына каршы күрөштү күчөтүүгө чакырат

Бүгүн, 14-июлда Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ШКУнун 20 жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын жана Уюмдун алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча милдеттерди, актуалдуу эл аралык маселелерди жана регионалдык көйгөйлөрдү талкуулашкан.

Мындан тышкары, делегациялардын башчылары ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин алдыдагы юбилейлик жыйынынын даярдыгын талкуулашты. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ниязалиев өз сөзүндө азыркы учурда ШКУнун алкагындагы кызматташтык дээрлик бардык тармактарды — коопсуздук, терроризмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү, гуманитардык чөйрөдөгү, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жаатындагы, курчап турган чөйрөнү сактоо жана башка маселелери  камтый тургандыгын баса белгилеген. Пандемиядан кийинки экономиканы калыбына келтирүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, транспорттук жана транзиттик долбоорлорду өнүктүрүү жана ШКУнун алкагында Кыргыз Республикасынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бөлдү.

Кыргыз тарап ШКУнун коронавируска каршы күрөшүү боюнча иштеп жаткан механизмдеринин алкагында, ошондой эле вирустун жаңы штаммдарын табууну эске алуу менен тыгыз ишти, COVID-19дун жайылуусун алдын алуу жана профилактика ыкмалары боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн адистери менен дарыгерлеринин ортосундагы  тажрыйба алмашуу практикасын улантууну сунуш кылган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бир катар чечимине кол коюшту.