«Социал-демократтар» партиясына жаңы төрага шайланды

«Социал-демократтар» партиясына жаңы төрага шайланды. Бул тууралуу саясий уюмдун өкүлү Нурхан Жумабаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын билдирүүсүндө, Сеид Атамбаев өз каалоосу менен кызматтан кетип, партиянын башчылыгына Темирлан Султанбеков шайланганы жазылган.

Саясий уюмдун бүгүнкү курултайында бул партиянын парламенттик шайлоого барууга камынып жаткандыгы белгилүү болду.