«Кыргызстан сулуусу» сынагын жеңген бийкеч Садыр Жапаровдун карындашы экени ырасталды. Бирок ал сынактын расмий макамы жоктугу сөз болууда

Кечээ, 29-декабрда Бишкекте «Кыргызстан сулуусу-2020» сынагы өтүп, жарышты Лазат Нуркожоева аттуу бийкеч утуп алган. Социалдык тармактарда сулуунун президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун карындашы экендиги талкууга түштү.

Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова сынактын жеңүүчүсү саясатчынын карындашы экенин ырастады. “Ал кыз сынакка сентябрь айында эле катталган жана калыстар тобунун чечими менен татыктуу жеңүүчү аталды”, — деди уюштуруучу.

Модель болуп иштеген Лазат Нуркожоева 20 жашта. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын студенти. Ал Садыр Жапаровдун бир тууганы Давлет Жапаровдун кызы.

“Miss Kyrgyzstan” улуттук сынагынын дирекциясы жогорудагы сынактын жеңүүчүсү “Дүйнө сулуусу” сынагынан Кыргыз өлкөсүнүн атынан катыша албай турганын билдирди. Себеби Рыскүл Намазбекова “Дүйнө сулуусу” сынагынын өкүлү эмес жана “Miss Kyrgyzstan” улуттук сынагынын дирекциясына эч кандай тиешеси жок адам. “Кыргызстан сулуусу-2020” деген аталышта өткөн сынак бул расмий эмес сынак. “Miss Kyrgyzstan” улуттук сынагынын дирекциясы Кыргыз өлкөсүндөгү “Дүйнө сулуусу” сынагынын жалгыз жана расмий өкүлү болуп саналат” деп жазылат маалыматта. Аталган дирекциянын сынагы 2021-жылдын жаз мезгилинде өтөт жана анын жеңүүчүсү гана Кыргыз өлкөсүнөн “Дүйнө сулуусу” сынагына өкүл катары катыша алат.