Кыргызстан вакцинация темпи боюнча дээрлик 2 эсе артта калууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Кеңешменин катышуучулары учурдагы эпидемиологиялык абалды талкуулады, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө абал туруктуу.

Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү, зарыл болгон учурда тийиштүү чараларды ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн штабга дароо маалымдоону тапшырды. Андан соң республикалык штабдын мүчөлөрү республика аймагындагы COVID-19 каршы калкты вакцинациялоонун жүрүшү маселесин талкуулады. Аталган маселе боюнча Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы угулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, эмдөөнү ийгиликтүү жүргүзүү жер-жерлердеги жетекчилерден жана алардын алдына милдеттердин туура коюлушунан көз каранды. Ал белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы вакцинациялоо темпи боюнча Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунда турат жана жарандар арасында эмдөө алуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эскертти. Анын тапшырмасы боюнча, жакын арада Бишкек шаарында COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча кошумча пункттар ачылат жана жарандарды маалымдоо боюнча жаңы кампания башталат.