Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 634 миң бала бар

2022-жылы өлкөдөгү Эл каттоо Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 634 миң бала бар экенин көрсөткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Алардын 51 пайызы уул балдар.

7 жашка чейинкилер — 1 миллион 128 миң

7-14 жаш — 1 миллион 161 миң

15-17 жаш — 343 миң

1 миллион 448 миң бала орто мектептерде билим алат.