Кыргызстанда 18 жашка чейинки кыздарга караганда, эркек балдар көп

Балдарды коргоонун эл аралык күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат. Улуттук статистикалык комитет бул күнгө карата сандар жана фактылар менен бөлүштү.

2021-жылдын башында Кыргызстанда курагы 18 жашка чейинки 2 миллион 512 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн эркек балдар түздү. 2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миң балага же 2,3 пайызга көбөйдү.

Ушул жылдын башында балдардын жалпы санынан:

Балдардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашашат. 2020-жылы 158 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 81 миңи эркек балдар жана 77 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын бештен бир бөлүгүнө жакыны бул катталган никеде турбаган энелердин балдары. Акыркы жылдары никелешеүү кеңири жайылып кеткендигин белгилей кетүүгө болот. Ошондуктан юридикалык никеге турбай төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да, энеси да бар. Муну менен бирге, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын санынан 50% ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 50% —  энелеринин гана арызы менен катталган, мындай балдар үй-бүлөдө атасыз тарбияланышат.

Өлкөдө ата-энесинин багуусунан ажыраган балдардын үй-бүлөлөрүндө  жашоо жана тарбиялануусуна болгон укуктарды иштетүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын аягында үй-бүлөлүк тарбияланууда 13,7 миң бала болгон, анын ичинен 5,4 миңи томолой жетимдер, анын 8,3 миңи – камкордук көрүүдө жана башкалардын багуусунда, 5,4 миң бала багып алынган. 2021-жылдын ичинде ата-энесинин багуусусуз калган 18 жашка чейинки курактагы 2,2 миң балдар жана өспүрүмдөр табылган, анын ичинде 790 — томолой жетимдер.