Кыргызстанда 187 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Үстүбүздөгү жылдын июль жана август айларында «Кара куурай» аталыштагы операциянын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында, 3213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3023 гектар жер изилденди, анын ичинен 250,7 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды. Анын жалпы салмагы 187 тонна 675 килограммды түздү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган операцияны өткөрүү учурунда Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 93 кылмыштын бети ачылса, 21 баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталып бети ачылган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 244 килограмм 857 грамм баңгизаттар жана прекурсорлор алынган.

«Ошондой эле, бул операциянын алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 10 бирдик ок атуучу курал жана 62 даана ок-дары алынды»,- деп айтылат маалыматта.