Кыргызстанда 20-июль — эс алуу күнү

20-июль Кыргызстанда эс алуу күнү, анткени кыргызстандыктар Курман айт майрамын белгилешет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле министрлик 19-июль жумуш күнү 1 саатка кыскарат деп кошумчалады.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төө союп, дасторкон даярдап, бири-бирин коноктошот.