Кыргызстанда 2023-жылы жашоо минимум 7681 сомду түздү

Өткөн жылдын аягында Кыргызстанда жашоо минимумунун баасы 7681,54 сомду түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

Бул 2023-жылдын үчүнчү кварталынын деңгээлинен дээрлик 75 сомго жана 2022-жылдын деңгээлинен 503,22 сомго жогору.

Эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму 8 миң 579,26 сом, пенсионерлердики 6 миң 816,47 сом, балдардыкы 6 миң 544,88 сомду түзөт. Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7 миң 931,77 сом) жана Бишкек шаарында (7 миң 901,14 сом), эң төмөнкүсү Талас облусунда (7 миң 129,69 сом) сакталууда.