Кыргызстанда 21-24-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

21-октябрда күндүз жана 22-23-октябрь күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

«22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жааган жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. 22-23-24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. «Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз +1…+6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…+5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз +4…+9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз +1…+6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…+5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт»,— деп айтылат маалыматта.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.