Кыргызстанда 26-30-июнь күндөрү мээ кайнаткан ысык болушу күтүлүүдө

Өлкөбүздө аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

26-30-июнда ысык аба ырайы күтүлүүдө. Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…+38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…+40 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

«Урматтуу жарандар, абанын табы көтөрүлгөн учурда көлөкөдө болуңуздар! Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!» — деп айтылат билдирүүдө.