Кыргызстанда 3 миң 858 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан

Кыргызстанда 3 миң 858 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан.

Брифингдин жүрүшүндө социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева учурда атайын комиссия иштеп жаткандыгын, аларды карап чыгуу үчүн 2 миң 550гө жакын арыз келип түшкөнүн билдирди.

«479 медициналык кызматкер компенсация иретинде 200 миң сомдон алышкан. Дагы 130 дарыгерге төлөө үчүн документтер даярдалууда. Ал эми 29 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон төлөндү”- деди Эльвира Сурабалдиева.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө документтерди текшерүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу компенсация тез убакытта төлөнбөйт деп түшүндүрдү.