Кыргызстанда 349 жаран өмүр бою эркинен ажыратылган

Бүгүнкү күнү 349 жаран өмүр бою эркинен ажырап, абакта жатат. Бул тууралуу комитет жыйынында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Кемел Садыков билдирди.

«Аялдар үчүн 1 эле №2 мекеме бар. Ал жерде 224 соотолгон аял кармалат», — деди ал.

Ал ошондой эле акыркы 9 ай ичинде соттолгон 29 жарандардын каза болгонун айтты. «Алардын үчөө киши өлтүрүү, бирөөсү өлүмгө алып келген зыян келтирүү, калганы ден соолугуна байланыштуу», — деди ал.