Өлкөдө 4-8-июль күндөрү мээ кайнаткан ысык болот

4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +38…+40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө +36…+38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт. 7-8-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +39…+41 градуска чейин, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.