Кыргызстанда жол кырсыгынан 6 айда 329 адам көз жумган

2021-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда 3400 жол кырсыгы катталган. Мындай маалыматтарды Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы жарыялады.

Маалыматка караганда, жол кырсыктардын кесепетинен 329 адам каза болуп, дагы 500 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алышкан.

Эске салсак, ушул жуманын ичинде эле 3 жол кырсыгы катталды. Чырпыктыдагы жол кырсыктан 5 киши көз жумду. Ал эми Боом капчыгайындагы жол кырсыктан бир үй-бүлөнүн 14 жаштагы кызы каза болду. Кечээ Чүйдө катталган жол кырсыктан 6 адам көз жумду.