Кыргызстанда бийиктиги 6 миң метрден ашкан тоого чыгууга акча алынышы мүмкүн. Мыйзам талкууга коюлду

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңеш “Альпинизм жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды, ага ылайык, 6 миң метрден ашкан чокуларга чыгууну пландаган альпинисттер атайын пермит алышы керек.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Эмил Токтошев. 

«Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп бийик тоолорго чыгуунун катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу, бийик тоодогу жолдорго чыгуунун ачык тутумун түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо, Борбордук Азиядагы альпинизмдин борбору катары Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу саналат»,- деп айтылат маалыматта.

Айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн мыйзамда бийиктиги 6000 метрден ашкан тоо чокуларына чыгууга пермит алуу каралган.

«Мындай бийиктиктерге чыгууга милдеттүү түрдө пермит алуу мамлекеттик органдарга альпинисттердин каттамдарын көзөмөлдөөгө жана зарыл болгон учурда кар көчкү коркунучуна, аба ырайынын катаал шарттарына, кычкылтектин жетишсиздигине жана татаал логистикага байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн берет»,- деп жазылган.

Пермит берүүдөн түшкөн акча каражаттар инфратүзүмдү (тоо лагерлерин, жалгыз аяк жолдорду, байланыш тутумдарын) өнүктүрүүгө, куткаруу операцияларын каржылоого жана табийгый аймактарды коргоого жумшалышы мүмкүн. Бул альпинисттердин жигердүүлүгү жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана тоо табиятын сактоого түздөн-түз салым кошкон туруктуу моделди түзөт.