Кыргызстанда 7-8-августта абанын температурасы төмөн болору айтылды

Кыргызстанда 7-8-августта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу «Эко» синоптиктерге шилтеме берип жазды.

7-августтан тарта абанын температурасы күндүз 6-7 градуска төмөндөйт. «Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт», — деп билдирди Кыргызгидрометтин аба ырайын болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооронова.

Ал ошондой эле 7-8-августта гана суук болорун, 9-августтан баштап абанын температурасынын акырындык менен жогорулашы күтүлүп жатканын билдирди. Мындай туруксуз аба ырайын Кыргызгидромет Сибирдин аймактарынан суук алып келе турган суук фронттун Кыргызстандын аймагына кириши менен түшүндүрдү.