Өлкөдө 7-мартка карата 44 адамдан коронавирус аныкталды

Өлкөдө бүгүн, 7-мартка карата 44 адамдан коронавирус аныкталды, 46 адам оорудан айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, илдетке чалдыккандар төмөнкү аймактарда катталган: 
— Бишкек — 21;
— Ош — 2;
Чүй облусу – 5;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 12.

COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар: 
— Бишкек – 17;
— Чүй облусу – 14;
— Ош облусу – 4;
— Нарын облусу – 1;
— Ысык-Көл облусу – 8;
— Баткен облусу – 2.

Сутка ичинде оорудан каза тапкандар катталган жок.

Учурда 346 адам стационарда дарыланууда, алардын ичинен:

Амбулатордук дарыланууда – 261 бейтап бар.

Жалпысынан Кыргызстанда бул ооруну 86 550 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 83 530 адам айыгып чыкты. 1471 адам каза тапты.