Кыргызстанда 8,5 миң адам баңгиликке көз каранды. Анын 6 пайызы аялдар

2020-жылдын аягында республиканын наркологиялык мекемелеринде баңгизаттардан көз карандылык менен ооруган 8,5 миң адам катталган же калктын 100 миңине 128 адам туура келет. Катталгандардын жалпы санынын 6 пайызы аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы баңгизатын колдонгондордун 61 пайызга жакыны инъекциялык ыкмасын колдонушкан, бул опиаттар тобуна таандык. Негизинен героинди колдонгондор жана 31 пайыздан ашыгы кара куурай баңгизаттарына (чегүү менен) көз карандылыгы боюнча байкалган. Баңгизаттарды колдонуу республиканын бардык аймактарында кеңири таралган, бирок аны колдонгондордун эң көп саны Бишкек шаарында, Ош шаарында жана Чүй облусунда катталган.

«2020-жылы баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 110 кылмыш жана жоруктар катталган. Алардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына, Чүй жана Жалал-Абад облустарына туура келген»,— деп айтылат маалыматта.