Өлкөдө 882 адам коронавирус менен ооруп жатат. 142 адамдын абалы оор

Өлкөдө сутка ичинде 43 адамдан коронавирус аныкталганын республикалык штаб кабарлады.

Алардын ичинен:
Бишкек — 20;
Ош — 1;
Чүй облусу — 4;
Ош облусу — 6;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу — 4;
Жалал-Абад облусу — 2;
Баткен облусу — 2.

Ал эми суткада 86 адам коронавирустан айыкса, 2 адам аталган илдеттен көз жумган.

Учурда Кыргызстанда жалпы 882 адам коронавирус менен ооруп жатат. Алардын ичинен 142 адамдын абалы оор.