Кыргыз өлкөсүндө акыркы 3 айда 683 өспүрүм коронавирус илдетине кабылды

Кыргыз өлкөсүндө акыркы 3 айда 7 жаштан 17 жашка чейинки 683 өспүрүм коронавирус илдетине кабылды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында 48, октябрда 315, ноябрда 320 учур катталган.

Ооруга кабылгандардын көпчүлүгү Бишкекте катталган. Октябрь айында Бишкекте 83, ноябрда 143 өспүрүм COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Андан кийинки антирейтингде Чүй жана Ысык-Көл облусу турат. Ал эми оору эң аз катталган – Нарын облусу.