Өлкөдө өткөн аптада 16 адам коронавирустан көз жумду

Кыргызстанда бир жумада, тактап айтканда, 15-февралдан 21-февралга чейин, коронавирустан 16 адам көз жумду. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтүшкөн эмес. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

COVID-19 лабораториялык негизде 12синен, клиникалык-эпидемиологиялык түрдө – 4 адамдан аныкталган.

Адам өлүмүнө алып келген учурлардын басымдуу бөлүгү Бишкекте катталган. Ошондой эле Чүй жана Ысык-Көл облустарында коронавирустан каза болгондор катталды.

Анын ичинде:
Бишкек – 12;
Чүй облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 2.

Андан мурдагы аптада, 8-14-февраль аралыгында, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 25 учур катталган.