Кыргызстанда акыркы суткада 21,7 миң адам коронавируска каршы эмделди

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 21 миң 746 адам коронавирустан эмделди. Республикалык ыкчам штаб бүгүн, 11-августта билдирген маалымат боюнча, алардын ичинен 8476 адам биринчи жолу, 13 270 адам экинчи ирет эмделген.

Муну менен республика боюнча COVID вирусунан 555 миң 118 адам эмделген. Алардын ичинен 201 миң 394 адам эки жолу эмдөөдөн өттү.