Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 4469 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 4469 адам коронавируска каршы эмделди. Анын ичинен 4279 адам биринчи доза менен, 190 киши экинчи доза менен эмделгенин бүгүн, 26-июлда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Облус-шаарларда эмделген адамдардын саны:

— Бишкек шаарында — 400, экинчи доза — 173,

— Чүй облусунда — 63, экинчи доза — 0,

— Ош облусунда — 308, экинчи доза — 0,

— Жалал-Абад облусунда — 1092, экинчи доза — 169,

— Ысык-Көл облусунда — 159, экинчи доза — 10,

— Ош шаарында — 524, экинчи доза — 1,

— Талас облусунда — 285, экинчи доза — 1,

— Баткен облусунда — 1381, экинчи доза — 3,

— Нарын облусунда — 257, экинчи доза — 0.

Жалпысынан Кыргызстанда 460 703 адам эмдөөдөн өткөн:

— биринчи доза менен — 352 877,

— экинчи доза менен — 107 826 киши эмделди.