Кыргызстанда акысыз боор алмаштыруу операциялары жасала башталды

Бүгүн, 10-июнда Кыргызстанда кыргыз-түрк достугу ооруканасында акысыз боор алмаштыруу операциясы башталды. Бул операциялар Түркия жана Кыргызстандын жогорку квалификациялуу адистеринин катышуусунда жасалууда.

Операцияларды жасоо үчүн Түркиядан Инөнү университетинин (Малатия) ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган университеттин клиникасынын трансплантологдор тобу келди. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул иш-чара өлкөнүн медицина тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин жана боор трансплантациясына муктаж бейтаптардын жашоо сапатын бир топ жакшыртаарын белгиледи. Операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаж болгондор үчүн жеткиликтүү болот.