Кыргызстанда ашыкча салмактуулук менен жабыркаган аялдар көбөйүүдө

Кыргызстанда 15-49 жаш аралыктагы аялдарда ашыкча салмактуулук бар. Бул тууралуу «Аял жана балдардын тамактануусунун абалы» изилдөөсүнүн жыйынтыгында аныкталды.

Маалыматка ылайык, Нарын, Ош облустарында 6 айлык ымыркайдан баштап 5 жашка чейинки курактагы балдар арасында ашыкча салмактуулук басымдуулук кылат. Ал эми Бишкек шаарында 5-9 жаштагы курактагы балдарда ашыкча салмактуулук бар.

Аталган статистикага байланыштуу балдар, аялдар арасында ашыкча салмактуулуктун алдын алуу максатында калың катмарды туура тамактанууга, физикалык активдүүлүккө үндөгөн, балдарды таттууларды азайтууга чакырган программалар керектиги айтылат.