Ата-энесинин диний көз карашынан улам эмдөө албаган 2 бала кызылчадан каза болду

Кыргызстанда кызылча 2 бала каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрлик мындай маалыматты 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына таянып берди. Өлүм Бишкек шаарында (3 жаштагы бала) жана Чүй облусунда (бир жаштагы бала) катталган. «Эки учурда тең балдар профилактикалык эмдөө календары боюнча эмдөөлөрдү алышкан эмес, ата-энелери диний көз караштан улам баш тартышкан», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик ата-энелери вирустук гепатит жана кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөдөн баш тарткан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында оору катталып жатканын белгилейт.