Кыргызстанда бензин май айында 3,5 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда май айында мунай продуктуларынын бир литри орточо эсеп менен 2,3-3,5 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Дизелдик отунга жана бензинге дүйнөлүк котировкалар өсүп жаткандыгы белгиленди. Жыл ичинде бензиндин наркы 260 пайызга, башкача айтканда, үч эсеге өскөн.

«Бүгүнкү күнгө карата мунай зат фьючерстеринин наркы баррелине болжол менен 69 долларды түзөт. Суроо-талап өсүп жатат. Айрым божомолдор боюнча, жакынкы мезгилде мунайдын баасы баррелине 75 доллардан ашып кетиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Нефтетрейдерлер уюму күйүүчү май боюнча Казакстан жана Орусиядагы абалды да айтышты. Маалым болгондой, Орусия өкмөтү май майрамдарынан кийин бензинди сыртка сатуу маселесин карайт. Күйүүчү майды ички рыноктогу бир катар маанилүү товарларга жумшамакчы.

«Азырынча тыюу ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөр үчүн гана киргизилет, бирок тыюу салууда Кыргызстанга келген күйүүчү майдын көлөмү чектелиши мүмкүн. Анткени мунайды кайра иштетүүчү заводдордон ташуу биринчи кезекте бааны туруктуу кармоо максатында Орусия Федерациясынын ички рыногуна жүргүзүлөт», — деп белгилейт Нефтетрейдерлер союзу.