Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз мекенине кайтарылат

Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдиргенин «Азаттыктын» тажик кызматы жазып чыкты.

Анда министр Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз өлкөсүндөгү окуу жайларга которулуу үчүн арыз бериши керектигин айткан. Министр эмне себептен мындай чечим кабыл алынган түшүндүргөн эмес. Бирок «Азаттыктын» тажик кызматы быйыл апрелдеги чек ара чатагынан соң Кыргызстанда окуп жаткан тажик студенттери басымга кабылганын айтышканын жазууда.